Башкы бет Кириш сөз Сайттын картасы

 Биздин дарек:

Кыргыз Республикасы, 720001 Бишкек, Киевская көчөсү, 131-2

Тел.: +996 312 311814

Факс: +996 312 311170

E-mail: tours@celestial.com.kg, celest@infotel.kg

www.tours.kg, www.celestial.com.kg

Жайгашкан жерибиз


Биз жөнүндө

Бишкектин борборунда жайгашкан туризм бөлүмү башкы офистин жетекчилиги алдында иштеп келе жатат. Жамааттын негизги бөлүгүн менеджерлердин чакан тобу түзөт. Клиенттер жиберген каттарга жооп берүү жана саякаттарды уюштуруу боюнча суроолорду чечүү алардын негизги милдети. Негизги жамааттан тышкары туристтик сезондун убагында туристтердин суроо-талаптарына ылайык башка адамдарды да убактылуу жумушка чакырабыз. Туристтик саякаттар жылдын жай айларына туура келет, ошол себептен туристтик сезон да бат эле бүтүп калат. Бирок акыркы жылдары туристтик кызматтарды сезон бүткөндөн кийин да заказ кылган меймандардын саны өсүүдө. 


Биз көрсөтүүчү кызматтар

Туризм бөлүмүнүн көптөгөн даяр туристтик маршруттардын бар болгонуна карабастан, Кыргызстанга келген меймандардын көбүндө өздөрүнүн талаптары жана кызыкчылыктары бар. Ошондуктан биздин жумушубуздун маанилүү бөлүгүн ошондой талаптарга жооп бере турган турду иштеп чыгуу ээлейт.

“Баары камтылган” аттуу система менен уюштурулган турлардан тышкары, биз бөлөк кызматтарды да сунуштай алабыз.

Алардын ичинде уюштуруу маселелерди чечүүгө жардам берүү (маселен, визаларды алуу, Мамлекеттик визалар жана уруксаттар бөлүмүнөн каттоодон өтүү, чек-ара аймактарга баруу үчүн уруксат кагаздарды алып берүү ж.б.); Бишкекте жана өлкө боюнча жатакананы кармап туруу; унаа таап берүү жана жолдоочунун (гиддин) / котормочунун кызматын көрсөтүү; экскурсияларды жана ар кандай көңүл ачуу түрлөрүн уюштуруп берүү (ат минүү, кол өнөрчүлүк ыкмаларын көрсөтуп берүү, элдик обондор концерттери жана башка ушул сыяктуулар); уюштуруу кызматы - мисалы, конференцияларды откөрүп берүү жана иш жолугуштарын дайындоо; башка мамлекеттердеги шериктештер менен байланышка чыгууда жана сапарды пландаштырууда колдоо көрсөтүү (буга байланыштуу маалыматты жана кеңештерди берүү).

 

 

"Небесные Горы" туризм ишканасы аң улоону жана бийик тоолорго чыгууну уюштурбайт.