Башкы бет Кириш сөз Сайттын картасы

Башкы мүдүрдөн – Кириш сөз

 www.celestial.kgге, Кыргызстандагы "Небесные Горы" деп аталган ишканалардын жалпы веб-сайтына кош келиңиздер. Бул эки ишкана – Бишкек шаарында жайгашкан “Небесные Горы” туризм компаниясы (“Силк Роад Лодж” мейманканасы формалдык түрдө туристтик компанияга карайт) жана Нарын шаарындагы “Небесные Горы” конок үйү. Бул эки уюм үч инвесторлор аркылуу 1997-жылы негизделип, азыркы учурга чейин бири-бирине көз карандысыз ийгиликтүү иштеп келе жатышат. Инвесторлордун бирөөсү Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон жылдары келип, өлкөнү, анын элин жана маданиятын жактырып калат. Кыргыз аялга үйлөнүп, азыркы учурда үй-бүлөсү менен Австралияда жашайт. Экинчи инвестор Улуу Британиянын тургуну. Мен болсо Кыргызстанга офистин ачылышына жардам көрсөтүү үчүн келип, Бишкекте жашап калдым. Азыркы учурда жогоруда аталган эки ишкананы жетектеп, иштеп келе жатам.   

Бишкекте жайгашкан туризм ишканасы саякаттарды уюштуруу жана ага байланыштуу ар тараптуу кызматтарды көрсөтүү үчүн негизделген. Саякаттар Кыргызстандын, Борбордук Азия жана Кытай мамлекеттеринин аймактарында да уюштурулат. Адегенде ишканана автоунаалар менен жүрө турган турларды өздөштүрүүнү (специализациясын) тандап алган.

Кыргыз-Кытай чек-арасын бир учурда Торугарт аркылуу гана өтүүгө мүмкүн болчу. Торугартка кетип жаткан эң маанилүү жолдун Нарын шаары аркылуу өтүшүнө байланыштуу, Кытай мамлекетине кетип жаткан жүргүнчүлөр үчүн биринчи инвестицияларды пайдаланып, Нарында конок үйдү салдык. Андан соң пландаштырып, Нарында болгон тажрыйбага таянып, Бишкек шаарында “Силк Роад Лодж” мейманканасын курдук. Мейманкана 2000-жылдын август айында ачылды жана кыска мөөнөттүн ичинде меймандос чакан мейманкана катары көпчүлүккө таанымал болуп калды. 

 

 

 

Биздин ишканаларыбыз өздөрүнүн жамааттары бар өз алдынча уюм болгонуна карабастан, бири-бири менен тыгыз байланышта иштешип, тейлөө тармагын жогорку деңгээлге көтөрүүгө бирдей салым кошууда.

 

 

 

Йен Клэйтор

 

Башкы мүдүр